• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Алдын ала жыйынтык. Бишкекте 6 партия алдыга чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Үкөктөрдөгү добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке 6 партия өтүүдө.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңешке ат салышкан партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосун өтүшү керек.

Учурда 7 пайыздык босогону 6 партия ашып өттү:

- “Эмгек” партиясы - 13,85%;

- “Ак бата” партиясы - 12,38%;

- “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" - 10,31%;

- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы - 10,2%;

- “Биздин эл” партиясы - 7,78%;

- “Ынтымак” партиясына - 7,37% добуш берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда саат 20:00дө шайлоо аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий