• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткен районунун милициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Баткен районунун аймагында милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен өзүнүн түзүлгөн графигинин негизинде аймактарда күн сайын эскертүүлөрдү жүргүзүүдө.

Облустук милициядан билдиришкендей, Баткен РИИБнин кызматкерлери тарабынан район аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоодо COVID-19дун алдын алууда жана аны жайылып кетпөө, ошондой эле сууга чөгүү фактыларын болтурбоо жана алдын алуу максатында алгылыктуу иштер жүрүүдө.

Район аймагындагы эл көп топтолуучу жайларга жергиликтүү милиция бөлүмүнүн атайын эскертме кагаздары чыгарылып, керектүү жайларга чапталып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Жыл башынан бери Баткен район аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү 1фактысы катталган.

Ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында эскертме кагаздары илинип жана алдын алуу иштери күчөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий