• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош: Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө жаӊы үлгүдөгү атайын формалар берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Ички иштер органдарын реформалоо программасынын алкагында милициянын аймактык тескөөчүлөрү жаӊы атайын формалар менен камсыз боло башташты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын формалар милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлоруна берилет. Ар бир жашоочу өз көчөсүнө келген ички иштер органынын кызматкери-тейлеген участкалык уполномоченныйы келгендигин формасынан таанып турушу керек. Бул өз кезегинде милиция үчүн жарандардан убагында маалымат алууга, ыкчам аракеттенүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагдайлардын бири болот.

"Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгында милициянын участкалык уполномоченныйлары, жашы жетелектер менен иштөөчү инспекторлор биринчи жолу жаӊы атайын формалары менен сапка тизилишти", - деп айтылат маалыматта.

Жаӊы атайын формалардын өзгөчөлүктөрү, сапаты менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов, орун басарлары Бакыт Исраилов, Таалайбек Нурбаев таанышып, өздүк курамдан жаӊы кийимдер боюнча пикирлерин, сунуштарын угушту. Негизинен өздүк курам тарабынан жетекчиликтин дарегине жаӊы кийимдер үчүн ыраазычылыктар жана позитивдүү сунуштар айтылды.

Иш-чарада Ош шаардык милициясынын башчысы Акылбек Мамасейитов жаӊы формалар кызматка жаӊыча көз караш менен карап, эл ишенимин актоого кадам болушу керектигин айтты.

"Бул жаӊы атайын формалар милицияны реформалоо алкагында аткарылып жаткан баскычтардын бири гана. Мындай формалар жылдын ар сезонуна ылайык берилет. Мындан сырткары, жакынкы күндөрү ар бир участкалык упольномоченныйлар атайын планшет, тынымсыз кызмат учурунда видеотасмага алып туруучу видеокамералар менен камсыз болосуздар", - деди ал.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү бүгүндөн баштап жаӊы берилген атайын формада кызмат өтөөгө чыгып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий