• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сузакта үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Сузакта үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында үй-бүлөлүк зомбулук, суицид, сууга чөгүүлөрдү болтурбоо, мигрант ата-энелердин балдарын жана жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу учурларындагы тартип бузуусун көзөмөлдөө максатында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, күч түзүмдөрү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте район аймагындагы айыл аймактарда чакан форматта чогулуштар өткөрүлүп, протоколдор түзүлүп, жергиликтүү тургундарга өзгөчө көзөмөлгө алынган атуулдар менен иш алынып баруу улантылууда.

Ошону менен катар милициянын профилактикалык каттоосунда турган, чыр-чатактуу жана социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны такталып, милициянын участкалык өкүлдөрү тарабынан алдын-алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий