• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек – Кордай унаа жолунда эки унаа кагышып, 4 адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Бишкек – Кордай унаа жолунун 7-чакырымында №128 маршрутка жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгы катталды.

“Кабар” агенттигине Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, эки унаа тең бир багытта кетип бара жаткан. Бирок, жеңил унаа чукул бурулуш жасап, кичи автобус менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен маршрутканын 4 жүргүнчүсү жабыркады:

1. Н.Ш.И., 1943-жылы туулган,
2. А.Л.О., 1973-жылы туулган,
3. Д.А., 1989-жылы туулган,
4. Б.А.А., 1997-жылы туулган.

Пикир

Оставить комментарий