• 87
  • 90.41
  • 0.84

Фейк маалыматтарга каршы мыйзам долбоору соцтармактын колдонуучуларынын сөз эркиндигин чектебейт - демилгечи

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда социалдык тармактардагы маалыматтарды жөнгө салуу максатында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты интернет тармагында таралып жаткан жалган маалыматтардан жарандарды, юридикалык жактарды жана мамлекетти коргоо, алардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу. Интернет тармагында тараган маалыматтарды төмөнкү жолдор менен көзөмөлдөө: укуктук мамилелердин субъекттерин аныктоо, жөнгө салууну жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдын функциялары, интернет-провайдерлердин жана колдонуучулардын укуктары жана милдеттери, интернетти колдонууда юридикалык мааниге ээ иш-аракеттердин ордун жана убактысын аныктоо эрежелерин тастыктоо.

Аталган мыйзам долбоорунун актуалдуулугу Кыргызстандын мыйзамы жетиштүү деңгээлде интернет тармагындагы маалыматты жөнгө салбай жаткандыгына байланыштуу.

Айнура Осмонованын айтымында, интернеттин жана соцтармактын өнүгүшү менен интернет аянтчаларын айрым жарандар ыплас ниетинде колдонууда. Мыйзам долбоору сөз эркиндиги, демократия жана калктын эркин ой-жүгүртүүсүнө таасир тийгизбейт.

“Бул мыйзам коомго жана улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган интернеттеги жалган маалыматтарды көзөмөлдөөчү милдетти аткарат”, - дейт ал.

Ошол эле учурда Осмонова ар бир адам коомдук жана саясий позициясын, чындыкты айта аларын айтат.

“Бүгүнкү күндө соцтармакка баш баксаңыздар канчалаган фейк баракчалар, жалган билдирүүлөргө күбө болосуздар. Бирок эч ким ал билдирүүлөр үчүн жоопкер эмес. Муну билген көптөгөн жарандар интернетти өзүнүн ыплас иштерине колдонуп келүүдө. Мындан улам бул мыйзамга болгон муктаждык келип чыкты. Ар бир колдонуучу өздүгүн көрсөтсүн (идентификация). Мындай чаралар кылмыш жасоого жана жалган маалыматтарды таратууга жол бербейт. Мыйзам колдонуучуларга белгилүү бир маселе боюнча жеке пикирин айтууга тыюу салбайт”, - деп айтты Осмонова.

Осмонова бул мыйзамды башка өлкөлөрдүн мыйзамына окшош болгондуктан плагиат деп атоодо, бирок ар бир мыйзам жашоодон алынат, ал эми жашоо ар бир жерде окшош экиндигин айтат.

“Бизге бул плагиат деп айтууда. Чындыгында биз мыйзамды түзүүдө Франция жана Германиянын тажрыйбасын караганбыз. Мыйзамдар окшош болушу мүмкүн. Аткени алар жашоодон алынат. Плагиат деп музыкалык чыгарма, интеллектуалдык менчикти айтса болот. Учурда аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Биз бардык сунуштар жана оңдоп-түзүү боюнча берилген эскертүүлөрдү эске алабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий