• 87
  • 90.41
  • 0.84

Екатеринбургдагы башкы консул Урал федералдык университетинин студенттерине лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов Урал федералдык университетинин студенттерине лекция окуду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө башкы консул Кыргызстандын калыптануу тарыхы, анын акыркы үч жылдагы тышкы жана ички саясаттагы жетишкендиктери, ошондой эле эл аралык аренадагы маанилүү өнөктөштөрү катары саналган коңшу мамлекеттер менен болгон стратегиялык байланыштары тууралуу айтып берди.

Бүгүнкү күндө өнүгүп жаткан кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусуна, анын ичинде аймактар аралык байланыштар темасына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чара Кыргызстан жөнүндө видеоролик менен коштолду.

Лекцияга эл аралык мамилелер, чыгыш таануу жана чөлкөм таануу багытында билим алып жаткан 60га жакын студенттер катышты. Тема аудиторияда чоң кызыгууну жаратты, студенттер Кыргызстандын тышкы саясатына тиешелүү суроолорду беришти.

Иш-чаранын соңунда кыргыз дипломаты менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген уюштуруучуларга ыраазычылык айтылды.

Пикир

Оставить комментарий