• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эхинококкозду адамдардын каны аркылуу текшерүү кайрадан башталды

Коом 0

Бишкек, 29.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга эхинококкоз оорусун алдын алууда ИФА жабдуусу боюнча анализ жүргүзүүнү баштады. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, эхинококкоз оорусу көп жылдарга чейин билинбеген дарт болгондуктан, ооруну жуктуруп алган адамдарды тез оорусун аныктоо үчүн шарттар түзүлбөй келген. Эми ар бир жаран эхинококкоз оорусу менен оорубагандыгын ИФА жабдуусу аркылуу биле алат. Тилекке каршы, 2017-жылы эхинококкозду текшерүү үчүн тест-система жок болгондуктан анализдер алынбай калган. Бирок, 2016-жылы ИФА аппараты аркылуу 1200 адам текшерилген.

Жабдуу спектрофотометр, микропланшеттик жууп тазалагыч, термошейкер, термостаттан турат. Бул жабдуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүндө ишке ашып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун колдоосу менен 60 миң АКШ долларына алынып келинген. ИФА жабдуусунун бири Ош шаарына коюлган. Ооруларды алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга өздүк бюджетинен төрт таңгак эхинококкозду аныктай турган тест системасын сатып алышкан. Ар бир тест-система топтому 100 адамга жетет.

Паразитология лабораториясынын жетекчиси Гүлнара Абдылдаеванын айтымында, ИФА жабдуунун иштеши менен бир топ эле жеңилдик болду. “Мурда анализдерди текшерүүдө микроскоп аркылуу карап, абдан кыйналчубуз. Аппарат келип иштеп жаткандан бери эхинококкоз оорусун так аныктоого жакшы шарттар түзүлдү. Бардык каалоочулар эхинококкоз оорусуна каршы текшерилем десе бизге келсе болот. Ал эми жабдуу үчүн көмөк көрсөткөндүгү үчүн Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө ыраазычылык билдирем”,- дейт Г.Абдылдаева

Эхинококкоз - адам үчүн өтө коркунучтуу оору, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөлөрдү бузат, эхинококкоз кистасы түрүндө пайда болот, ал хирургиялык жол менен гана алынат. Эхинококкоз адам баласына ит аркылуу жугат.

Пикир

Оставить комментарий