• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 9 унаа тапшырды

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде КР ички иштер министри Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги арограммалык кеңсеси Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 7 жана Туристтик-экологиялык милициясына 2 авто унаа тапшырды.

Ал автоунаалар Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май РИИБне жана облустардын Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

"Коомдук коопсуздук демилгеси" долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз. Мунун негизинде Кыргызстанда ИИМдин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, учурда жалпысынан 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын айтып, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

"ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси КР ИИМинин негизги өнөктөшү катары бул багытта баа жеткис салым кошууда. Ички иштер министрлигине экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу колдоо көрсөтө турган Ниссан-Патрол эки авто унаасы өткөрүп берүүдө көрсөтүлгөн туристтик-экологиялык милицияны колдогонуңуз үчүн элчи мырзага жана ЕККУнун программалык кеңсесине чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем", - деди министр Улан Ниязбеков.

Милицияны мындан ары өнүктүрүүдө жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө боюнча ИИМдин күч-аракетин ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси жогору баалайт.

Пикир

Оставить комментарий