• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлгө сига-лудога жана форель балыктарынын чабактары кое берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Ысык-Көлгө сига-лудога жана Ысык-Көл форель балыктарынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдө жана дарыяларда чабактарды көлгө кое берүү иштерин жүргүзүштү. Дарыяларга 470 миң даана Ысык-Көл форель балыгы жана көлгө 7 млн 100 миң даана сига-лудога чабактары чыгарылды.

Милициядан белгилешкендей, иш-чаранын максаты - көлдүн суу бассейниндеги балык ресурстарын толуктоо болуп саналат. Быйыл чабактар Түп жана Тоң райондорунун жээктерине кое берилди. Чабактар жаңы жашаган жерине желим баштыктарда көчүрүлдү.

“Ысык-Көлгө жыл сайын миллиондогон, анын ичинде Кызыл китепке кирген чабактар кое берилип, балыктын табигый көбөйүшү жетишсиз болгондуктан, популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү экендиги маалым жана зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий