• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандан Өзбекстанга дан азыктарын аткезчилик менен ташууга бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга дан азыктарын аткезчилик менен ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 4-апрелде Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2 жүк ташуучу унаа токтотулган.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынын башкаруусунда келе жаткан бул унаалардагы дан азыктары Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районунун Шахимардан анклавына аткезчилик жол менен бара жаткандыгы белгилүү болуп, кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта аталган факт Кадамжай РИИБдин электрондук журналына катталып, кармалган унаалар атайын токтотулуучу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий