• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эки адам каза болуп, 9 жүргүнчү жабыркады. Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунда адам өмүрү менен коштолгон үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кырсык 17-декабрда болжол менен саат 10:30да Каракол - Түп автожолунда болгон. Эки айдоочу жеринде каза болуп, 9 жүргүнчү ар кандай жараат менен облустук жана Түп райондук ооруканаларына жеткирилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, Mazda Xedos автоунаасынын 27 жаштагы К.И. аттуу айдоочусу Караколду көздөй баратып, жолдун тайгалагына байланыштуу карама-каршы тилкеге чыгып, Каракол - Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү маршрутка менен кагышкан. Экинчи унааны 43 жаштагы Т.А. аттуу жаран башкарып бараткан.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өтө этият болууга чакырат:
Айдоочулар жолдордун айрым тилкелеринде тайгалагына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ылдамдыкты тандап, аралыкты сактап, кооптуу унааны башкаруудан, өзгөчө каршы келе жаткан жол кыймылына каралган тилкеге чыгуудан алыс болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий