• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Эки аскер комиссар коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Эки аскер комиссар коррупцияга шектелип кармалды.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Аскер прокуратурасы УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында К.Н.С. аттуу Бишкек шаарынын Ленин районунун жана Ж.Ж.Ж. аттуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун аскер комиссарларын коррупция фактысы менен кармады.

Аталган кызматкерлер системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу схемасын уюштуруп, аскерге чакырылгандардан жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн акча алышкан.

Ошондой эле мобилизациялык резерв боюнча талапкерлердин тизмесине киргизүүдө да акча опузалоо фактылары аныкталган.

Учурда кармалгандар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөө иштери Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий