Эки миңге жакын адам жабыркап, 99у көз жумган— Кыргызстанда үч айда 1,3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.24./Кабар/. 2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын аймагында 1 миң 364 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен 1 миң 965 адам жабырап, 99у өмүр менен кош айтышкан.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл жол кырсыгы — 8%га, жабыркагандар — 7,6%, ал эми каза болгондор — 20,8 пайызга азайган.

Пикир

Оставить комментарий