• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте айдоочу өлтүрө сүзүп кеткен жаран кинорежиссер Михаил Дудников болгон

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бишкекте унаа сүзүп кетип каза болгон жаран кинорежиссер Михаил Дудников болгон. Бул тууралуу медиаэксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кинорежиссер Михаил Дудников "Взлет Калии Токтогуловой", "Урок на завтра", "Пришелец", "Кому сеять завтра?", "Экскурсия" жана башка даректүү тасмалары менен кино сүйүүчүлөрдүн эсинде калды.

"Өзүнүн кинематографиялык ишинде ал ар дайым бир нерсени ойлоп таап, өзүн көрсөтүүнүн жаңы формаларын издеп жүрчү. Анын эл жана жаратылыш менен диалогдо өзүнүн ачык жарандык позициясы бар болчу", — деп жазган Баялинова.

Михаил Иванович Дудников сүрөттө оң жакта микрофон кармап турат

Пикир

Оставить комментарий