• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Эки жылда «Түндүк» ишканасы аркылуу көп иштер жасалды – Кореялык эксперт

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. IT жаатындагы Түштүк Кореядан келген эл аралык эксперттер “Түндүк” мамлекеттик ишканасынын ишин жогору баалашты. Кыргызстанга Корея республикасынын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу консультациялык иш сапары менен келген эксперттер тобунун мүчөсү Джеймс Ким өзүнүн таасирлери менен бөлүштү.

Ал келген топ эки жумага жакын убакыттан бери бул жакта жүрүшкөнүн, ушул аралыкта «Түндүк» ишканасынын иши менен таанышышканын айтты.

“Биз эки жыл мурда келип кеткенбиз. Ошондон бери эми келдик, ошол аралыкта документтерди электрондук алмашуу жана санарип өкмөт тутумун өнүктүрүү боюнча чоң иштер аткарылганын көрдүк. Азыр биз кандай долбоорлорду бөлүшөбүз деп ойлонуп жатабыз, анткени алар көп нерсени билип, үйрөнүшкөн экен”,-деди ал.

Эскерте кетсек, «Түндүк» ишканасы санариптештирүү жаатында долбоорлорду ишке ашырууга KOICA линиясы боюнча кайтарымсыз жардам утуп алган. Аталган долбоордун алкагында Кыргызстанга эксперт-консультанттар келишти.

Пикир

Оставить комментарий