• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акыркы эки жылда Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүгө өзгөчө маани берүүдө – саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 09.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Акыркы эки жылда Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүгө өзгөчө маани берүүдө. Бул тууралуу саясат таануучу Игорь Шестаков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ондогон жылдардан бери чечилбей келген эки мамлекеттин чек араларын демаркациялоо жана делимитациялоо иштери ордунан жылды. Президент Садыр Жапаров чек араны тактоо дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин жактады. Мындан улам бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр өз нугунда жүрүүдө.

“Кыргызстан менен Тажикстанды миң чакырымга чейинки чек ара байланыштырып тургандан тышкары, биздин элдерди жалпы тарых бириктирип турат. Ошондой эле экономикалык алакалардын да орду чоң. Дагы айта кетчү жагдай, Кыргызстан менен Тажикстанды коопсуздук маселеси да байланыштырат. Анткени Тажикстан Афганистан менен чектешкендиктен террористтик топтордун коркунуч жаратуу ыктымалдыгы жогору. Буга байланыштуу эки өлкөнүн конструктивдүү сүйлөшүүлөрү регионалдык көйгөйлөрдү чечүүгө оң таасирин тийгизет деп ойлойм”, - деди ал.

Ошондой эле саясат таануучу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Тажикстанга болгон жумушчу сапары эки жылдан берки чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекеттер ортосундагы алакалардын жакшырганын көрсөтүп жатат деп эсептейт.

“Биздин мамлекеттер ортосунда достукту, кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө бир катар документтерге кол коюлган. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр көз карандысыздыкка ээ болгон жылдардан бери топтолгон маселелерди чечүүгө, ошондой эле элдик дипломатияны жана экономикалык алаканы өнүктүрүүгө багытталгандыгын дагы бир жолу белгилеп кетет элем”, - деп кошумчалады Игорь Шестаков.

Пикир

Оставить комментарий