Европанын Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун Генералдык катчысы Хельга Мария Шмид айым Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берүүгө макулдугун берип, төмөнкүдөй жоопторду берди:
"Кабар": Урматтуу Башкы секретарь Шмид айым, ЕККУ уюмунун позициясынан караганда, ЕККУ менен Кыргызстандын мамилесинин таржымалы кандайча, ушул жөнүндө айтып берсеңиз. Бул контексттен алганда, ЕККУнун Кыргызстанга карата мамилесинин өзгөчөлүгү эмнелерде?
Шмид: Кыргызстан 1992-жылы ЕККУга киргенден баштап, биз ЕККУнун мүмкүнчүлүктөрү менен каражаттарын колдонуп, көптөгөн кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча кызматташып келатабыз. Мунун ичинде куралданууга көзөмөл жүргүзүү, уюшкан кылмыштуулукту көзөмөлдөө, миграция, айлана-чөйрөнү коргоо жана демократияны чыңдоо боюнча маселелер да бар. Мындан тышкары ЕККУ Кыргызстанга кыйын учурларда жардам көрсөтүп келди, мисалы 2010-жылдагы окуялардан кийин, ошондой эле КОВИД-19 таажы вирусу чыккан жана жайылган учурда да жардамдар берилди.
Жакында эле, пандемияга байланыштуу жардам берүү үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерге жардам көрсөттү. Тактап айтканда, Бишкектеги Программалык кеңсе карантиндин учурунда милициянын көчмө кабылдамаларына жардамдашып, жер-жерлерде гуманитардык жардамды таратуу боюнча демилгени колдоду. Ошондой эле өнөктөштөрүбүз өздөрүнүн маанилүү кызматтык милдеттерин аткарып жатышканда ден соолугун сакташы үчүн жеке коргонуу каражаттарын бердик. Мындан тышкары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси өлкөнүн региондорунда Ишкердикти колдоо борборлору аркылуу пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңилдетүүгө жардамдашты.
ЕККУ жалпы, ар тараптуу, жамааттык жана бөлүнгүс коопсуздуктун көп жактуу концепциясына таянуу менен, акыркы жылдары ЕККУнун аймагында пайда болгон коопсуздуктун жаңы чакырыктарын чечүү үчүн инструменттерге ээ. Ушундай айрым коркунучтардын трансулуттук мүнөзү мамлекеттерден ал коркунучтарга каршы биргелешип чара көрүүнү талап кылат.
Кыргызстан, ЕККУнун мамлекеттеринин маанилүү мүчөлөрүнүн арасында жана Борбор Азиядагы негизги оюнчулардын бири катары, коопсуздуктун жаңы чакырыктарын чечүүдө биз менен кызматташууну улантууда.
- Эки тараптын иштеринде кандай маанилүү маселелер күн тартибинде турат? Учурда эки тараптуу мамилелерге карата Венанын көз караш кандай?
- Дээрлик отуз жыл бою ЕККУ Кыргызстанды коопсуздуктун үч өлчөмү боюнча: саясий, экономикалык жана адамдык өлчөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда колдоп келет. 1998-жылы ЕККУ өзүнүн бул жердеги өкүлчүлүгүн ачканда, өзүнүн Кыргызстан менен мамилесин андан бетер чыңдады.
Мен кызматка бир нече жума мурун эле кириштим, бирок буга чейин Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Бакыт Джусупов менен жолуктум. Венада, уюмга катышуучу мамлекеттердин өкүлдөрү жума сайын ЕККУнун Туруктуу Кеңешине чогулушат. Биз айрым өлкөлөрдүн артыкчылыктарын жана демилгелерин гана эмес, ЕККУнун регионуна мүнөздүү коопсуздуктун актуалдуу маселелерин дагы талкуулайбыз жана мындай талкууларда Кыргызстандын салымы маанилүү.
Мен көп тараптуулук ойногон маанилүү ролду жана биздин биргелешкен коопсуздук кырдаалыбызды жакшыртуу үчүн биргелешип иштей алабыз деп терең ишенем. Мындай талкууга Кыргызстандын активдүү катышуусу өзгөчө мааниге ээ, айрыкча биз зомбулук, экстремизм, экологиялык коопсуздук жана адам сатууга каршы күрөш сыяктуу, чек аралардан чыккан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп жатабыз.
Ар бир мүчө мамлекеттин коопсуздугу, башкалардын коопсуздугу менен ажырагыс байланышта. Венада жүргүзүлүп жаткан биздин ишибиздин мааниси мына ушунда, биздин ишибиз кызматташтыгыбыз бекем, ал эми диалогубуз – туруктуу болушуна багытталган.
- Кыргызстан эгемендик жылдарында кыйын учурларды башынан өткөрдү. Сиздердин уюмда Кыргызстандын алдыдагы келечеги кандай деп болжонууда?
- Коопсуздук боюнча иштеген ЕККУ сыяктуу уюм үчүн тынчтык жана адамдардын коопсуздугу абдан маанилүү.
ЕККУнун ишинде ага катышкан мамлекеттерге мамлекеттик институттарын чыңдоого жардамдашуу, аларда адамдардын муктаждыктарына активдүү көңүл бурууга жана эл алдында отчет берүүлөрүнө көңүл буруу негизги ролдордун бири болуп эсептелет.
Биз Кыргызстандагы жүрүп жаткан процесстерге кунт коюп көңүл бөлүп жана мамлекеттик органдар менен коопсуздуктун баардык үч жагдайы боюнча долбоорлорду ишке ашырып, кызматташып жатабыз.
Кыргызстанда жарандык коом активдүү жана күчтүү экенин айтып коюу керек. Кийинки жылдарда биз саясий активдүү жана жоопкерчиликтүү жаш муун пайда болгонуна күбө болуудабыз. Жаштар тынчтыкты чыңдоо үчүн абдан күчтүү потенциал, ошондуктан жаштардын үнүн угуу зарыл.
Мен ошондой эле, Өкмөттүн инклюзивдүү “жашыл” экономика багытындагы иштерин белгилеп айта кетким келет. Бул жарандардын бакубаттыгы, айлана-чөйрөгө зыяндарды азайтуу жана өлкөнүн экосистемасын сактоо үчүн маанилүү. Түпкүлүгүндө, экологиялык абалдын жакшырышы жарандардын коопсуздугун арттырууга алып келет.
Туруктуу өнүгүүнү камсыздоо оңой эмес, бирок Кыргызстан туура жолдо баратат.
- ЕККУнун оюу боюнча, Кыргызстанда кайсы багыттарда алдыга жылыштар болду?
- Коопсуздуктун бүгүнкү күндөгү чакырыктары биз мурда баштан өткөргөндөрдөн татаал. Ал көйгөйлөрдөн ийгиликтүү арылуу үчүн бизге аскердик-саясий, экономикалык, экологиялык жана адамдык жагдайлардын баарын камтыган комплекстүү ыкма зарыл.
Кыргызстан көп тармактарда прогресске жетишти. Коопсуздук секторун реформалоо ургаалдуу жүрүп жатат, муну менен адамдардын мамлекеттик органдарга ишенимин кайра калыбына келтирүү жакшырууда.
Аядардын эл аралык күнүнүн алдында гендерлик теңчиликти камсыздоодо болгон прогрессти өзгөчө баса белгилеп айтып коюшубуз керек, бул маселе менин жүрөгүмө өтө жакын маселе. Буга байланыштуу Кыргызстандын Аялдар ассоциациясынын коопсуздук секторундагы ишин айта кетели, бул Ассоциацияны түзүүгө 2017-жылы ЕККУ жардамдашкан. Ассоциация Кыргызстандын укук коргоо органдарында, коопсуздук жана укуктук тартипти сактоо органдарында иштеген аялдарды бириктирет.
Ассоциациянын иши аялдардын потенциалын чыңдоо, алар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүү, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен билим жана тажрыйба бөлүшүү аркылуу аялдардын коопсуздук секторуна тең укуктуу катышуусуна жамрдамдашууга багытталган.
- ЕККУ уюму Кыргызстанда кандай келечектүү долбоорлорду аткарууну белгилеп жатат?
- ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси өкмөт, жарандык коом, ЖМК, ишкер чөйрөлөр жана өлкөдөгү башка эл аралык уюмдар менен бирдикте көп маселелер боюнча биргелешип иш жүргүзүүдө. Өлкөнүн мамлекеттик органдарынын коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча потенциалын өнүктүрүү айрыкча азыр, КОВИД-19 пандемиясынын учурунда өзгөчө маанилүү.
2021-жылы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстандын санариптештирүү жана ачык өкмөт аркылуу региондорду экономикалык өнүктүрүү, шайлоо системасын өркүндөтүү, ачык-айкындыкты, отчеттуулукту арттыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерине жардамды көбөйтүүнү пландаштырып жатат.
Анын ичинде мамлекеттик институттарды бирдиктүү санарип тармагы аркылуу байланыштырган “Түндүк” санарип платформасын кеңейтүү, ошондой эле терроризмге алып келген зомбулук, экстремизмдин жана радикалдаштыруунун алдын алуу жана аларга каршы чара көрүүгө жардамдашууну да камтыйт.
- ЕККУ Борбордук Азиядагы мамлекеттердин арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында кандай иштерди аткарууда?
- Кийинки жылдарда региондук кызматташтыкты кеңейтүү региондо тынчтыкты бекемдөөгө жана экономикалык өнүгүүнү жакшыртууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.
ЕККУ бул динамиканы толугу менен колдойт, айрыкча терроризмге алып келген зомбулук, экстремизмге жана радикалдашууга каршы туруу, акыйкат башкарууну, байланышты, коопсуздукту жана экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде Афганистан менен да кызматташууга колдоо көрсөтөт.
Борбордук Азияга катышкан беш мамлекетте тең өкүлчүлүктөрү бар ЕККУ аймактар аралык кызматташтыкты колдоого даяр.
Аймактык кызматташтыкка байланыштуу, мен ЕККУ Академиясын, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн, Афганистандын, Монголиянын жана ЕККУнун бардык региондорунун жаштарын камтыган маанилүү регионалдык алдынкы демилге жөнүндө айткым келет.
ЕККУ Академиясы коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө жаштарды тартуунун эң сонун мисалы. Ал жогорку окуу жай болуу менен, региондогу жаштардын жалпы маселелерди чечүүгө катышуусу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Академия эки магистрдик программаны сунуш кылат, бири саясат жана коопсуздук, экинчиси экономикалык башкаруу жана өнүгүү. Бүгүнкү күндө Академияны 500дөн ашуун студент бүтүргөн.
Академиянын студенттери менен видео шилтеме аркылуу маектешүү мага жагымдуу болду - мен алардын жетишкендиктери менен сыймыктанам. Ошондой эле COVID-19 кырдаалы мүмкүнчүлүк берер замат иш сапары менен келем деп үмүттөнөм.
Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттиги,
5-март 2021-жыл
Пикир
Оставить комментарий