• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ЕККУнун ЖМК боюнча өкүлү Кыргызстандагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү кубаттайт

Саясат 0

Бишкек, 29.04.18 /Кабар/. ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү Гарлем Дезир Кыргызстанда ЖМК эркиндиги үчүн бир катар позитивдүү кадамдарды кубаттайт. Анын сөзү ЕККУнун расмий сайтында жарыяланган. Төмөндө “Кабар” бул материалдын текстин келтирет.

“Мен Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун кечээ жакындагы журналист Кабай Карабековго карата бардык каржылык доосун токтотуу чечимин кубаттайм. Журналист диффамацияга [Чындыкка дал келбеген бурмалоочу маалыматтарды жайылтуу – “Кабар” МА] соттолгон соң олуттуу каржылык кыйынчылыктарга дуушар болду. Бул мамлекеттик чиновниктер үчүн маанилүү мисал болуп саналат”, - деди Дезир.

Өкүл “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти Кабай Карабековго 2017-жылы ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков тарабынан диффамация үчүн доо арыз түшкөнүн эскертет. “Мен Кыргызстандын бийлигин дагы бир кадам жасап, Нарын Айып жана Zanoza.kg [сайтына] каржылык доолордон баш тартууга чакырам. Анткени диффамация боюнча дооматтарда өзгөчө чыгымдар ЖМК эркиндигине терс таасирин тийгизет”, - деп кошумчалады Дезир.

“Мен ошондой эле Кыргызстанда аткаруу бийлиги сыяктуу эле сот бийлиги да ЖМК эркиндигин колдоо үчүн маанилүү оң чечимдерди кабыл алганын кубаттайм. Биринчи кезекте, 24-апрелде парламент диффамация үчүн келтирилген зыяндын төмөнкү чени жөнүндө мыйзам долбоорун алып салды, 15-апрелде банктык сырды бузганы жана маалыматты мыйзамсыз алганы үчүн айыпталган журналист Эльнура Алкановага карата кылмыш иши кайра чакырылды”, - деди Дезир.

Өкүл [ЕККУ] Эльнура Алканованын Кыргызстан бийлиги менен ишин 2018-жылдын февралында көтөргөн.

“Бул оң тенденциясынын уланышы маанилүү. Анткени өлкөдө ЖМК эркиндигин камсыздоо үчүн көп нерсе жасоо керек”, - деп жыйынтыктады Дезир.

ЕККУнун ЖМК эркиндиги маселелери боюнча өкүлү ЕККУнун бардык катышуучу 57 өлкөсүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы окуяларга байкоо салып турат. Ал сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин бузуулар тууралуу эрте эскертүү берүүнү камсыздайт жана ЖМК эркиндигине карата ЕККУ милдеттемелерин толук аткарууга аракеттешет. Кеңири бул жерден таанышууга болот: www.osce.org/fom, Twitter: @OSCE_RFoM.

Булагы: https://www.osce.org/representative-on-freedom-of-media/379015

2018-жыл 27-апрель

Котормо - "Кабар" МА

Пикир

Оставить комментарий