• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Фоторепортаж - Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга расмий визити

Саясат 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанда расмий визит менен болду.
Виктор Орбан өзүнүн Кыргызстанга визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына мартабалуу конок катары катышты.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгрия Премьер-министри Виктор Орбандын делегация мүчөлөрүнүн катышуусундагы расмий жолугушуусу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Сооронбай Жээнбеков жана Виктор Орбан басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Пикир

Оставить комментарий