• 87
  • 90.41
  • 0.84

Экологиялык жактан таза. Баткенде жапон технологиясы менен 42 продукция чыгарылат

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Баткенде жапон технологиясы менен экологиялык жактан таза 42 продукция чыгаруу пландалды. Мындай мүмкүнчүлүктү президенттин Баткен облусундагы өкүлүлү Абдикарим Алимбаев Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда талкуулаган.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен жолугушууга Баткен облусунун район-шаар башчылары, бардык тийиштүү облустук мекемелердин жетекчилери да катышты.

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш-чаралар планын талкуулашты.

Облус башчысы өз сөзүндө экономиканы өнүктүрүүдө өндүрүштү колдоо жана аны жолго коюу өзгөчө манилүү экенин белгилеп, өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатуу аракеттерин активдештирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.

JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.

Белгилей кетсек, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.

"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Баткен облусунда "Бир айыл-бир продукт" долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты. Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор ж б.

Андан сырткары, Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий