• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Ош шаарында балдарга ырайымсыз мамиле жасоонун, үй-бүлөлүк зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, вице-мэр Нурбек Кадыров баштаган иш-чарага бул жаатта иш алып барган тиешелүү орган жана түзүмдөрдүн жетекчилери, МАБдардын, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө;

- Ош шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын ички иштер органдары менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө;

- Ош шаарындагы кризистик борборлордун зордук-зомбулукка кабылган кыздар/аялдар менен жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө;

- балдарга ырайымсыз мамиленин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритми жөнүндө;

- Ош шаарынын мэриясынын алдында балдарга карата жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешти түзүү, иш планын талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу.

Маселелерди кароонун жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

- МАБдар менен биргеликте тийиштүү органдардын жана түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү күчөтүлсүн;

- МАБдар жана тийиштүү мекемелер тобокелдик тобундагы, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мигранттардын балдары ж.б.у.с. жөнүндө бирдиктүү маалымат базасын түзүү. Ошондой эле алгоритмдерге ылайык иштерди жүргүзүү;

- Укук коргоо органдары кризистик борборлор менен биргеликте бул маселе боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий