• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында азык-түлүктөр арзан баада сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында азык-түлүктөр арзан баада сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалдык базарда уй эти 450 сом, өсүмдүк майынын 5 литри 525 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45, өзгөн күрүчү 100 сомдон сатылып жатат.

“Алдыда мындан башка да азык-түлүктөр арзан баада сатыла баштайт. Бул боюнча шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен тийиштүү жетекчилер иш алып барууда”, - деп белгилешти мэриядан.

Муниципалдык базар Курманбек көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий