• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Талас шаарына перинаталдык борбор куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Талас шаарына перинаталдык борбор куруу пландалууда. Маселе мэр Эрмат Жумаевдин Таласка жумушчу сапары менен келген Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушуусунда талкууланды.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда Эрмат Жумаев элчи Габриэла Геллилди Талас жергесине алгачкы ирет келиши менен куттуктап, эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Буга кошумча тараптар эки тараптуу достук мамилени жакшыртуу, жаңы программалардын долбоорлордун алкагында кызматташуу маселерин талкуулашып, билим берүү тармагы, миграция маселеси жана жаратылышты коргоо багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Өз кезегинде элчи Габриэла Геллил "Giz" программасы менен активдүү иш алпарып жатканына токтолуп, Бишкек шаарында перинаталдык борбор курулуп, аяктоо алдында турганын жана Таласка да ошондой борбор курууну пландап жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий