• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москва районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Москва районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондун Биринчи май айыл өкмөтүндө КР жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда Айыл чарба министрлигинин Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана "А-Б-А-С" ААКнын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) "А-Б-А-С" ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.

Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып, муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий