• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Караколдо "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун өндүрүштүк окуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Караколдо "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун өндүрүштүк окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жетектеген ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, JICAнын Кыргызстандагы өкүлү Андо Тахекиро, Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Окава Соичиро, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев жана жергиликтүү өндүрүшчүлөр катышты.

Белгиленгендей, БАБП долбоору өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө, айыл жеринде аялдардын ролун жогорулатууга көмөктөшүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө олуттуу салым кошот.

"Борбор бир гана өндүрүш цехи эмес, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жашоочулардын өндүрүштүк жөндөмдөрүн үйрөнүүгө жана жогорулатууга мүмкүнчүлүк алган окуу борбору. 2017-жылдан тарта Ысык-Көл БАБП модели өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылып келет. Бул жакка башка аймактардын өндүрүшчүлөрү да таанышуу сапарына келип, борбордо окуудан өтүшөт дегенди билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы буйругуна ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын бүткүл аймагында "Бир айыл – бир продукт" долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгы жана координациялоочу органы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий