• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Экономика министри Баткендин активи менен болгон жолугушууда өнүгүүнүн негизги стратегиялык багыттарын белгиледи

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, финансы министри Алмаз Бакетаев үстүбүздөгү жылдын 17-18-февралында Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Баткен облусунда КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жумушчу жолугушуусу болуп, Баткен облусун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле Баткен облусунун активи, анын ичинде райондордун акимдери, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары менен жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Министр Амангелдиев Баткен районунун активи менен жолугушууда Баткен облусун өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын белгиледи. Тактап айтканда, соода-логистикалык потенциалды өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык климат, туристтик жагымдуулук, айыл чарба, транспорт инфраструктурасын, ирригациялык тармактарды куруу жана реконструкциялоо, адамдардын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз мейкиндикти калыптандыруу маселелерин белгиледи.

Министр белгилегендей, өзгөчө статуска ээ болгон Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун чек арага жакын айылдары үчүн министрлер кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, бардык ишкердик субъекттери үчүн жарактуу болгон атайын салыктык жеңилдик режими каралган.

Министр андан тышкары, Баткен облусунун өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын тизмесин кеңейтүү сунушу айтылгандыгын кошумчалаган.

Ошондой эле Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги күтүлгөн жыйынтыктары жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасы сунушталды.

Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын алкагында 30 ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Инвестициялык долбоорлор өнөр жай, энергетика, агроөнөр жай комплекси, ГЭСтерди, ТЛК, мейманканаларды куруу, Исфана шаарындагы аэропортту модернизациялоо багытында ишке ашырылат.

Учурда инвестициялык долбоорлорду инвесторлордун сунушуна даярдоо жана кийин ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүү иш алып баруусу зарыл экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий