Санжар Болотов Болгария-Азербайжан соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Болгария-Азербайжан соода-индустриалдык палатасынын төрагасы Димитар Братанов менен жолугушту.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле жолугушууга Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун теңтөрагалары – Алмаз Мамбетов жана Игбал Бабаев, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын, Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, Бишкек штамптоочу заводунун өкүлдөрү катышты.

Санжар Болотов Димитар Братановго Кыргызстанга жасаган иш сапары үчүн, ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Болгария менен кызматташуу үчүн жаңы ишкер мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-индустриалдык палатаны Бишкек жана София шаарларындагы өкүлчүлүктөрү менен каттоо сунушу айтылды. Мындан тышкары, эки тараптуу товар жүгүртүүнү кеңейтүү, кызматташуу жана өз ара кызыкчылык продуктуларын бириктирүү, туризм тармагындагы маселелер, баалуу металлдарды казууга концессия үчүн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле Кыргызстан-Европа транспорттук коридорлорун изилдөө маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий