• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкноттору жүргүртүүгө чыгат

Экономика 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Улуттук банк бүгүндөн тарта 2016-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкнотторду жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноттору улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт.

20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкнотторунда төмөнкү маалыматтар камтылган:

· Классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет;

· MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо “сом” деген сөз көрүнөт (5000 сом банкнотунда гана);

· Чыгарылган жылы: 2016.

Жаңы банкноттор мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот.

Улуттук банк билдиргендей, улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына көз карандысыз төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий