• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектеги жашоочунун үйүнөн 6 кап кара куурай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургунунун үйүндө 6 кап кара куурай, 20 шереңке куту жана 2 желим баштыкта кара куурайдын жыты бар күрөң түстөгү зат табылган. Бул тууралуу Бишкек шааарынын Ички иштер башкы баркармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине баңгизат даярдап, аны сатууну көздөгөн киши тууралуу кабар келип түшкөн.

Буга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 7-декабрда саат 03:00дөр чамасында А.Б. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүрүп, “товар” табылган.

Ал жерден алынган баңгизаттар текшерүүгө жиберилип, 6,5 капта жалпы салмагы 47,588 килограмм кургатылган марихуана, 20 кутучада жана 2 желим баштыкта нашаа (1,872 кг) болуп чыккан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Сот кармалган жаранды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий