• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Күбөлөрдөн көрсөтмө алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 17-декабрь күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө күбөлөрдөн сурак уланууда. Учурда жеке ишкер көрсөтмө берүүдө.

“Чен мырза менен мен тааныштар аркылуу тааныш болуп калгам. Биз мейманканадан жолугушуп, алар БЛС, Даймонд сити жана ресторан боюнча соттук процесстер бар экендигин айтышкан. Мен аларга юридикалык жактан жардам берем деп биз келишим түзгөнбүз. Алар Ысык-Көлдө салынып жаткан пансионатка инвестиция салышаарын убадалашкан. Мен бир катар жактоочуларды жалдап, соттордун үстүндө иштеп жаттык. Бирок биз баардык жактан утулуп жаттык. Анан биз ишти токтотууга аракет жасадык, анткени ал абдан бат жүрүп, биз жетишпей, аресттер бир-эки күндөн кийин алынып жатты. Соттор кызыктуу чечимдерди кабыл алып жатышты. Свердлов райондук сотто судья Жаркеева болчу”, - дейт күбө.

Ал кошумчалагандай, алар иште баардык инстанциялар боюнча утулуп жатышкан.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий