• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Экономика министрлиги менен муфтият биргелешип адал индустриясын өнүктүрөт

Экономика 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинин Адал индустрияны өнүктүрүү борборунун адистери Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда өнөктөштүктү бекемдөө маселелери жана республикада халал (адал) индустриясын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташуунун пландары талкууланды.

Катышуучулар продукцияны сертификациялоо, халал (адал) продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо боюнча биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу, инвестиция тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана калктын халал (адал) продукциялары жана кызматтары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жаатында пикир жана тажрыйба алмашышты. .

Жолугушуунун жүрүшүндө халал (адал) өнүмдөрдү жана кызматтарды Кыргызстандын рыногунда жана анын чегинен тышкары жайылтуу үчүн биргелешкен иш-чараларды, окуу программаларын жана маркетингдик кампанияларды уюштуруу боюнча идеялар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий