• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргыз-орус аймактар аралык IX жыйынында санарип маселелери талкууланууда

Экономика 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Екатеринбург шаарында кыргыз-орус аймактар ​​аралык IX жыйынынын алкагында “Санарип күн тартиби: аймактардын көз карашы” тегерек үстөлү өтүп жатат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Малыматка ылайык, анда аймактар ​​аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана санариптик технологияларды алмашуу, эки өлкөнүн аймактарынын атаандаштык артыкчылыктарын эске алуу менен каралып, талкууланды.

Күн тартибинде эки өлкөнүн аймактарынын атаандаштык артыкчылыктарын эске алуу менен аймактар ​​аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана санариптик технологиялар менен алмашуу, анын ичинде эсептешүүлөр жана инвестицияларды тартуу чөйрөсүнө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү маселеси каралып жатат.

Жыйындын катышуучуларына Москва шаарынын акылдуу технологияларды киргизүү жана мегаполис тургундары үчүн санариптик платформаларды түзүү тажрыйбасы, ошондой эле Челябинск облусунун алдыңкы санариптик жана инженердик чечимдери тууралуу айтып беришти.

ЖОЖдор аралык тармактар боюнча аймактарда заманбап IT кадрларын даярдоо жана мындай иштерди бекемдөө, азыркы шарттарда IT адистеринин аймактар ​​аралык миграциясы жөнүндө талкуу абдан маанилүү болду. Катышуучулар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграцияланган ИКТ инфраструктурасын калыптандырууну, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Импортту алмаштыруу концепциясынын алкагында программалык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун перспективаларына да өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан тараптан кыргыз-орус аймактар ​​аралык тогузунчу конференциясын уюштурууну КР Экономика жана соода министрлиги мойнуна алган.

Пикир

Оставить комментарий