• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Экономика министрлиги Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Күн мурун Экономика жана коммерция министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институту кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул документ мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртууга, аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен аракеттерди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов бул кызматташтык аймактарды өнүктүрүүдө жана жарандарга кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.

Ал эми Өнүктүрүү саясат институтунун жетекчиси Надежда Добрецова бул меморандум мамлекет менен жарандык коомдун ортосундагы диалогду күчөтүп, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Тараптар алдыдагы жылга бир катар иш-чараларды пландаштырууда. Алардын катарында жергиликтүү демилгелерди колдоо, аймактык өнүгүү пландарын өркүндөтүү жана маалыматтык-агартуу кампанияларын өткөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий