• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанга Бельгия-Люксембург соода палатасынын сапары уюштурулду

Экономика 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Европалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү максатында Кыргызстанга Бельгия-Люксембург соода палатасынын иш сапары уюштурду.

Алардын сапарын уюштуруу КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ишке ашырылды.

Күн мурун экономика министринин орун басары Санжар Болотовдун бизнес-делегация менен жолугушуусу болду. Анда Болотов ыңгайлуу шарттарга жана бизнести колдоо программаларына көңүл буруу менен Кыргызстанда ишкердикти жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Бельгия-Люксембург соода палатасынын өкүлдөрү жогорку кызыгуусун билдирип, өнөр жай, айыл чарба жана туризм сыяктуу секторлордогу биргелешкен потенциалдуу долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бизнес-делегация келечектүү биргелешкен өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгууга даярдыгын билдирди. Тараптар эки тарап үчүн тең пайдалуу болушу мүмкүн болгон демилгелердин үстүнөн иштөөгө макул болушту.

Иш сапарынын алкагында Бельгия-Люксембург соода палатасынын өкүлдөрү башка мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий