• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери 57,4 млрд. сом өлчөмүндө салык чогултулду – МСК

Экономика 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 9 айынын ичинде салыктык төлөмдөрдөн түшкөн каражат 57 млрд. 479,7 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу “Республика – Ата Журт” фракциясы жыйынында КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, бул салык түшүрүүнүн болжолдонгон көрсөткүчүнө карата 101%ды түзөт.

“Республикалык бюджетке болжолдонгон 46 млрд. 310 млн. сомдун ордуна 46 млрд. 485,8 млн. сом түштү. Бул болжолдонгон көрсөткүчкө карата 104%ды түзөт. Жергиликтүү бюджетке салыктан түшкөн каражат 10 млрд. 993,9 млн. сом. Ал болсо болжолдонгон 11 млрд. 105,5 млн. сомдун ордуна түшүп, аткаруу көрсөткүчү 99% болду”,- деп билдирди Абжапаров.

Пикир

Оставить комментарий