• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Экономист эмес, мугалимдик кесипти жогору бааладым” – мугалим менен маек

Маек 0

Кыргызстанда мугалимдер күнүнө саналуу гана күн калды. Кесиптик майрамды утурлай Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы сынагы өтүүдө. Бул сынакка Нарын облусунун алыскы Ат-Башы районунун Абибулла Осмоналиев атындагы орто мектебинин математика мугалими Бүбүайша Жумукова да келди. “Кабар” агенттиги Бүбүайша Жумукованы кепке тартып, билим берүү тармагы боюнча азын-оолак маек курду.

Саламатсызбы, “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышуу үчүн кандай тандоодон өттүңүз? Даярдыктарыңызды бүгүнкү сабагыңызда көрсөтүүгө жетиштиңизби?

— Алгач мектебибиздеги сынакка катышып, биринчи орунду ээледим. Анын жыйынтыгы менен райондук турда күч сынашып, облустук сынакка жолдомо алдым. Облустук деңгээлдеги таймашта да алдыңкы орунду багындырып, минтип республикалык сынакка катышып жатам. 128 мугалимдин ичинен иргелип отуруп, акыркы турга өткөн 25 мугалимдин катарын толуктадым. Мен математика мугалими болгондуктан, 9-классттарга мастер-класс жана 11-класстын окуучуларына алгебра сабагын өттүм.

— Жылдан жылга сабак өтүүдө жаңы методдор колдонулууда. Сиз да окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында кандай ыкмаларды эске алууга аракеттенесиз?

— Окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында оюн менен активдештирип алып, анан мурдагы темаларды кайталоо менен жаңы теманы өтүүгө аракет кылам. Сынакта айылдагы окуучуларым эмес, Бишкек шаарындагы №67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышты. Аябай тынчсызданып жаткам, бирок окуучулар сабакка активдүү катышып берди.

Окуучуларыңыздын арасында алган билиминин аркасы менен эл аралык мелдештерде, ЖРТда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендер барбы?

— 22 жылдан бери окуучуларыма арнаган күч-аракетим өз натыйжасын көрсөтүп келе жатат. Мисалы, биздин мектептин окуучулары жогорку республикалык тестирлөөдө дайыма алдыңкы орундарды алып келишет. Быйылкы тестирлөөдө эң төмөнкү балл 140 болсо, эң жогорку балл 183кө жетти. Мурдагы жылы болсо, эң жогорку балл 198 болгон. Бул көрсөткүчтөргө жетишүүгө менин жана башка кесиптештеримдин түздөн-түз салымы бар деп эсептейм.

— Балдарга билим берип, мугалим болуу кыялыңыз беле?

— Ушул жагын айтсам таң калат болушуңуз керек. Мен өзүм экономика факультетин аяктагам. Диплом алгандан кийин банкта, дүкөндө иштеп көрдүм. Өзүм математикага абдан кызыкчумун. Азыркы учурда биздин мектепке ысымы берилген Абибулла агайдан билим алгам. Акыркы өзүмдүн көздөгөн максатыма жетип, тырышып жатып, мугалимдик кесипти аркалоого аракет кылып, мектепте иштөөгө жетише алдым.

— Тоолуу Ат-Башы районундагы орто мектебиңиздерде билим берүүгө кандай шарттар түзүлгөн?

— Биздин мектеп облустун борборунан 80 чакырым алыстыкта тоолуу райондо жайгашкан. Эки кабаттуу билим берүү мекемебиз жаңы салынган, бардык шарттар бар, райондогу мектептердин биринде да информатика кабинети жок кезде, бизде заманбап технологиялар менен жабдылган кабинет иштеп турган. Учурда да материалдык-техникалык базабыз жетиштүү деңгээлде десем болот.

— 22 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатыптырсыз, бүгүнкү күндө катарыңыздарга кошулган жаш адистер барбы?

— Быйыл өзүмдүн окуучум информатика мугалими болуп иштеп баштады. Анын кесиптик жактан өнүгүүсүнө тажрыйбабызды аябай, колдообузду көрсөтүп жатабыз. Ошондой эле, башталгыч класстын, кыргыз тили мугалимдери келип жумушка орношуп, иштеп жатышат.

— Мындан 5-10 жыл мурдагы билим берүү менен бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн айырмачылыктарын санай аласызбы?

— Аябай сонун суроо бердиңиз. Бул сынакка даярданып жатып, өзүмдү салыштырып көрдүм. Азыркы учурда балдарга мугалимдер нааразы боло беребиз. Окубай жатат, мен сабакты түшүндүрсөм деле кабыл албай жатат деп, эмнеге? Эң биринчиден, биз балага туура мамиле жасоону билишибиз керек. Экинчиден, азыркы балдар мурдагы балдарга салыштырмалуу таптакыр башка экенин түшүнүшүбүз зарыл. Мурунку балдар менен салыштыра берген болбойт. Азыркы окуучулардын талабы бөлөк, ошого жараша мугалим изденип, сабакты кантип түшүнүктүү жеткирүүнү аңдай алуусу маанилүү.

— Мамлекет тарабынан мугалимдерин айлык акысын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Маянаңыз сезилерлик көбөйдүбү?

— Биздин айлыгыбызга коэффициент кошулганына байланыштуу маянабыз жетишерлик десем болот. Мен өзүмдүн алган маянама ыраазымын. Биринчи айлык көбөйгөндө мен ушул айлыгымды актай аламбы деген ой келген чындыгында. Эми ошого жараша көп изденүүгө, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө далалат жасап келем.

— Билимдериңиздерди жогорулатуу боюнча атайын курстар, окутуулар болуп турабы? Анткени заман талабына жараша окуу куралдары, технологиялар өзгөрүп жатат да...

— Ооба, райондо секциялык иштер болуп турат. Анда биз кесиптештерибиз менен окуп гана кетпестен, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып турабыз. Мен билгенимди башка мугалимдер менен бөлүшүүгө аракет кылам.

— Билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттарды көлөмү жылдан жылга көбөйүп жатат. Жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, жаш адистерди тартууга маани берилүүдө. Өлкө үчүн билим берүү канчалык деңгээлде орчундуу орунда турат?

— Мисалы, мурда кен байлыгы көп мамлекет, эң бай мамлекет дечүбүз. Азыр андай эмес. Кайсы мамлекеттин балдары билимдүү болсо, ошончолук биз бай мамлекет болобуз. Балдардын билими абдан маанилүү, алардын мекенчилдик сезимин ойгонуп, өлкө үчүн кызмат кылууга тарбиялашыбыз кажет.

— Эми кесиптештериңизди майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектериңизди айта кетиңиз...

— Мен эң оор, түйшүктүү кесиптин ээлери болгон мугалимдерге ден соолук каалайм. Иштеген ишинен баар таап, окуучуларынын ийгилигине сыймыктанып жүрө беришине тилектешмин. Бала кубанса биз кубанабыз, бала жылмайса, биз жылмаябыз. Ошол окуучуларыбыз Кыргызстанды өнүктүргөн балдардан болсун.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий