• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эксперттик коомчулук президенттин тоо-кен тармагын реформалоо жөнүндө жарлыгын колдойт

Коом 0

29-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тоо-кен өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкын системасын түзүү, калктын коопсуздугун камсыздоо жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтуу, андан тышкары жагымдуу инвестициялык климат түзүү, Кыргыз Республикасынын экономикасынын мындан ары өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлуктөрдү кеңейтүү максатында “Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселеси жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Эксперт, “Кен-Тоо” долбоордук-иликтөө борборунун директору Бакыт Кожогулов аталган жарлыкка өзүнүн пикирин айтып жатып, андагы айтылган көйгөйлөр эксперттик коомчулук тарабынан көптөн бери эле талкууланып келе жатканын, тоо-кен казуу тармагындагы, атап айтканда, инвесторлор иштей ала турган Тоо-кен кодексин иштеп чыгуунун зарылдыгы маселесиндеги реформа өтө зарыл экенин белгиледи. “Бизге келген инвесторлор ишин баштоо үчүн бардык органдардын мыйзамдарын билүүсүнө туура келет. Эгер мунун бары бир кодекске бириктирилсе ага карап кандай салыктарды төлөө керек, кимге кайрылуу керектигин, жана башка маселелерди көрө алышат. Аны мурда эле кабыл алуу керек болчу, бул маселе көптөн бери талкууланып келет, бирок аталган багытта чечкиндүү кадамдар жасалбай келген. Ошондуктан Кодекс өтө керек деп айтсак болот”, - дейт Кожогулов.

Муну менен катар эксперт Тоо-кен кодексин иштеп чыгууга берилген кыска мөөнөт документтин сапатына таасир этип, ал кийин башка бир көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн деп кошумчалады. “Кодексти 1-июлга чейин иштеп чыгуунун мөөнөтү гана ойлондуруп жатат, ал эми кодекстин өзү өтө зарыл экендиги талашсыз. 80% жергиликтүү ишкерлерден сатып алуу керек деген маселе бышып жетилген, ансыз мүмкүн эмес. Башка жагынан алып караганда инвесторлор өздөрү да өздүк наркты кыскартууга кызыкдар, негизи жергиликтүү өндүрүштү сатып алуу керек. Бирок, кээде инвесторлор азыраак салык төлөш үчүнбү же башка себептер мененби эмнегедир өздөрүнүн өздүк наркын да кымбаттаткан учурлар кездешет. Ошондуктан, муну да кошо жазуу ашыктык кылбас. Жалпысынан алганда жарлыкта маанилүү нерселер жазылган. Эң башкысы – бул Тоо-кен кодекси”, - деп белгиледи Кожогулов.

Эксперт ИДПнын 10%ын алып келе турган бул тармак жөнгө салуучу бир сапаттуу документке муктаж экенин, инвесторлор дайыма эле бардык мыйзамды окуп чыгышпай, кандайдыр бир мыйзамды окубай калуу менен дайыма коркунучтар болуп турганын кошумчалады. Салык, Суу, Жер кодекстери, экология мыйзамы жана башкалар бар. Кайталап айтам, Тоо-кен кодекси инвесторлорго кайда кайрылыш керек, кандай коркунучтар жана салыктар бар экенин, экологиялык маселелер, салыктык эмес төгүмдөр жөнүндө билүүсүн шарттайт. Башкача айтканда, мунун баары бирдиктүү бир Кодекске жазылса, ар бир инвесторго түшүнүктүү болот. Себеби, ал Салык кодексин, кен байлыктар тууралуу, экологиялык, курулуш жана башка мыйзамды окуп чыгууга милдеттүү. Инвестор бир эле мыйзамды окубай калтырып кетсе же ал жөнүндө айтышпаган болсо бир топ жагымсыздыктарга дуушар болот. Тоо-кен кодекси геология, кен-байлыктарды казуу жана башка инвестор билүүсү керек болгон бардык аракеттерди тартипке салат”, - деп кошумчалады Кожогулов.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий