“Эл Аман” дарыканасында эмне үчүн дарылар арзан? Замир Акаев себебин түшүндүрдү

Ден соолук 0

Бишкек, 30.05.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. “Эл Аман” дарыканасында дарылардын баасы башка дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайызга, айрым дарылардыкы 20 пайызга чейин арзан. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын “Эл Аман” дарыкана тармагынын жетекчиси Замир Акаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, “Эл Аман” дарыканасында дарылардын баасы чет өлкөлөрдөн ортомчусуз түз алынып келгендиктен арзан болууда.

“Биз жаңыдан дарыканада ачып баштаганда жергиликтүү фармкомпаниялар менен келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде алар бизге дүң баасынан дагы кыйла арзан алып келиши керек болчу. Алар бул талаптарды аткарып, бизге 15 пайыздан 30 пайызга чейин арзандатып беришкен. Ага биз эң төмөнкү бааны коюп, сатыкка чыгардык”, – деп билдирди Замир Акаев.

Ал буга мисал кылып айрым дарылардын бааларына токтолду.

“Баалар тууралуу айтсак, мисалы, Мильгамма бизде 600 сомдун тегереги болсо, башка дарыканаларда 750 сомдон жогору. Ал эми Омепразол бизде 54 сом болсо, башка жакта 70-80 сом турат. Бул жакта бардык дарылардын баасы төмөнүрөөк. Азыр болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабыз”, – деп кошумчалады ал.

Замир Акаев белгилегендей, ошондой эле “Эл Аман” дарыканаларынан башка дарыканаларда жок дарыларды табууга болот. Буга Нитроспрей, Тромба АСС дарылары кирет.

Эскерте кетсек, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары калктын арзан баада дары-дармек менен камсыздоо жана саламаттык сактоо системасын жакшыртуу максатында уюштурулган. Алгач дарыкана Бишкек шаарында 2023-жылдын 28-октябрында ачылып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.

Пикир

Оставить комментарий