• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Эл аралык байкоочу: Кыргызстанда шайлоо өнөктүгүн өткөрүү жаңы деңгээлге чыгыптыр

Коом 0


Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү, Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө байкоочу катары келген Антон Лопатин Кыргызстандагы шайлоо өткөрүү жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

Лопатин Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктөштүгүн өткөрүүгө карата даярдыгы мыкты экенине күбө болгонун белгилеп, шайлоо системасына киргизилген жаңы техникалык жабдууларды көрүп таң калганын билдирди.

"Кечээ Чүй облусундагы бир катар шайлоо участокторун кыдырдык. Анда техникалык жактан профессионалдуу даярдыкты жана заманбап жабдыктарды, негизи эле Кыргызстан шайлоо өткөрүүдө жаңы деңгээлге чыкканына күбө болдук. Бул багытта мамлекет олуттуу иштерди жасаганы көрүнүп турат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата көрүлгөн мыкты даярдыктар азыртадан эле олуттуу жыйынтыгын бере баштады десек болот. Себеби, жаңы технологиянын ишине адамдык факторлор аралашуусу мүмкүн эмес", - деди ал.

Өз кезегинде, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Кыргызстан менен Россия шайлоо өткөрүүдө бири-биринен көп нерсени үйрөнүп келе жатканын айтты. Аны менен катар ал Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан шайлоо системасы ишке кирип, бүгүнкү шайлоо процессинде шайлоочулар электрондук жана кагаз түрүндөгү бюллетендер аркылуу добуш берип жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Антон Лопатиндин жолугушуусу өттү. Анда тараптар Кыргызстанда өтүп жаткан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү тууралуу кеп кылышты.

Пикир

Оставить комментарий