Эл аралык каржы корпорациясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлиги Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен күн электр станцияларынын эки долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Экономика министрлигинен маалымдашкандай, келишим КР министрлер кабинети тарабынан уюштурулуп, Австриянын Вена шаарында өтүп жаткан Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында түзүлдү.

Жаңы электр станцияларды Баткен жана Талас облустарында жайгаштыруу мүмкүндүгү каралууда.

"Макулдашуу электр энергиясына карата суроо-талапты канааттандыруу үчүн жалпы кубаттуулугу 500 МВтга чейинки күн электр станциялары паркын өнүктүрүү боюнча КР министрлер кабинети менен IFC`нын биргелешкен долбоорунун уландысы болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул кызматташуунун биринчи этабында Нарын облусунун Кочкор районунда 100-150 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын пилоттук долбоорун комплекстүү талдоо жана түзүмдөштүрүү боюнча колдоо көрсөтүп, азыркы учурда жеке инвесторду тартуу үчүн эл аралык сынак өткөрүүгө жардам берип жатат. Жарыяланган сынактын алкагында эл аралык 4 ири компания катышууга арыз берди. Учурда квалификациялуу талапкерлердин тизмесин аныктоо үчүн баалоо жүрүп жатат. Сынактын кийинки этабы жакынкы апталарда башталат деп күтүлүүдө.

Энергетика министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги IFC колдоосу менен КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК менен тыгыз кызматташтыкта күн электр станцияларын куруу жана пайдалануу үчүн жеке сектордун тажрыйбасын жана капиталын тартуу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк модели боюнча долбоорду түзүшөт. Бул экинчи раунд Баткен жана Талас облустарында кубаттуулугу 100-150 МВт болгон эки күн электр станциясын камтыйт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий