• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР делегациясы Инчхон шаарында Азия өнүктүрүү банкынын жыйынына катышты

Экономика 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков баштаган Кыргызстандын делегациясы Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 56-жылдык жыйынына катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен артыкчылыктуу кызматташуу маселелери каралууда.

Мындан тышкары, Кыргызстандан барган делегация Кореянын Экспорттук-импорттук банкы менен 27 млн ​​доллар өлчөмүндөгү "Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Ошондой эле Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү маселеси көтөрүлүп, ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда МЖӨ боюнча экинчи эл аралык конференция өткөрүлүшү күтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилип, банктардын жетекчилери чакырылды.

Маалымат үчүн: Азия өнүктүрүү банкынын жылдык жыйыны жылына бир жолу өткөрүлүүчү жана банктын катышуучуларынын жогорку даражалуу өкүлдөрүн, ошондой эле Азия чөлкөмүндөгү өнүгүү маселелери боюнча эксперттерди жана окумуштууларды чогулткан банктын маанилүү иш-чарасы болуп эсептелет. Бул жолугушуулар адатта Азия чөлкөмүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги маселелерин, анын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду, каржы рынокторун өнүктүрүүгө жаңы ыкмаларды жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат. АӨБнын жылдык жыйыны - жаңы бизнес байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана банктын жакынкы келечектеги стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо үчүн аянтча. Азия өнүктүрүү банкында Кыргыз Республикасынан төрагалык КР Финансы министрлигине жүктөлгөн, ал эми альтернативдик башкаруучу - Экономика жана коммерция министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий