Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Эл аралык маанидеги жолдордо "Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз" аттуу челлендж өттү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара оор жол кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн буруу жана жолдордо коопсуз жүрүм-турумду кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Уюштуруучулар мындай иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө айдоочулардын көңүлүн бурат деп ишенишет.
Пикир
Оставить комментарий