• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

"Эл үмүтү" стипендиясына жактырылгандардын тизмеси жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. КР президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ошентип, "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын 2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

  1. Абдурахманова Асель Келдибековна – Джонс Хопкинс университети, “Коомдук саламаттыкты сактоо” программасы боюнча магистратура;
  2. Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна – Ноттингем университети, “Компьютердик илим жана жасалма интеллект” программасы боюнча магистратура;
  3. Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Вестерн университети, “Бизнес аналитика” программасы боюнча магистратура;
  4. Канатова Мээрим Канатовна –Пенсильвания университети, “Окутуучу илимдер жана технологиялар” программасы боюнча магистратура;
  5. Карыбекова Айгерим Женишбековна – Колумбия университети,“Технологиялардын менеджменти” программасы боюнча магистратура;
  6. Касымова Бермет Данияровна –Карнеги Меллон университети, “Архитектура” программасы боюнча магистратура;
  7. Курманбекова Айгерим Курманбековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык башкаруу жана системалар” боюнча магистратура;
  8. Торогулова Асел Шерикбековна – Карнеги Меллон университети, “Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар” программасы боюнча магистратура;
  9. Турумбекова Турсунай Алмазбековна – Дьюк университети, “Маалымат илими жөнүндө” программасы боюнча магистратура;
  10. Алимжанов Бакыт Алимжанович – Эдинбург университети, “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар” программасы боюнча магистратура;
  11. Аязбаев Ислам Марсович – Чикаго университети, “Мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура;
  12. Кыдырова Элида Бекназаровна - Минесота университети, “Коомдук илимдер жана менеджмент” программасы боюнча магистратура;
  13. Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, “Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу” программасы боюнча магистратура;
  14. Таджибаева Севара Талипжановна – Гарвард университети, “Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу” программасы боюнча магистратура;
  15. Тиленбаева Камила Жолдошбековна – Нью-Йорк университети, “Корпоративдик укук” программасы боюнча магистратура;
  16. Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна – Бостон университети, “Долбоордук менеджмент” программасы боюнча магистратура;
  17. Осмонова Алина Арслановна – Чикаго университети, “Экономикалык саясат” программасы боюнча магистратура;
  18. Кыдырова Жибек Сатындыевна – Лейден университети, “Укук жана маалыматтык технологиялар” программасы боюнча магистратура;
  19. Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети, “Фольклористика” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
  20. Канатбекова Мээржан Канатбековна – Вена техникалык университети, “Кванттык эсептөө” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
  21. Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Оксфорд университети, “Кванттык программалоо” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
  22. Момошова Асель Кадыржановна – Кембридж университети, “Жер экономикасы” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.

Ал эми экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

  1. Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  2. Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
  3. Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
  4. Абабакиров Нуршат Абдисаламович – АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  5. Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  6. Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Пикир

Оставить комментарий