• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлигинде баланы эрте өнүктүрүү маселелери талкууланды

Билим 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Билим берүү министрлигинде баланы эрте өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде 2021-2040-жылдары Кыргызстанда Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында 2021-жылга карата Иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн мектепке чейинки билим берүү боюнча максаттарды координациялоо жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн КР Билим берүү жана илим министрлигинин Координациялык комитетинин отуруму болуп өттү.

Жумушчу топтун иши төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейинки балдардын эрте өнүгүү жана мектепке чейинки билим берүү программаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин чечүүгө багытталган.

Отурумга Координациялык комитеттин мүчөлөрү - бала бакчалардын директорлору, мектепке чейинки билим берүү боюнча адистер, КР Билим берүү жана илим министрилигинин, КР Экономика жана финансы министрлигинин, КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Ага Хан фондунун, Дүйнөлүк банктын, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөө жөнүндө типтүү сунуштун», «Мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү түрлөрү жөнүндө убактылуу жобонун» долбоорлору, китепканалардын базасында 50 баланы өнүктүрүү борборун түзүү, иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бөлмө жайларын натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий