КР Эл жазуучусу Самсак Станалиев акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, көрүнүктүү кыргыз акыны, романчы, адабиятчы, жазуучу, сынчы, журналист, котормочу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрда өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, замандаштары, калемдештери, жакындары катышты.

Эдил Байсалов Самсак Станалиевди улуттук адабиятка, маданиятка, көркөм өнөрдүн өнүгүп-өсүшүнө, руханий байлыгын арттырууга зор салым кошконун белгилеп, ал көркөм чыгарма жазып тим болбостон, Сыдык Карачев, Касым Тыныстанов, Чыңгыз Айтматов, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев ж.б. өңдүү залкар таланттардын тагдыр-турмушун оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндаган, учурдагы адабий турмушту изилдеген мыкты калемгер болгонун эскерди.

Чыңгыз Эсенгул уулу Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов жөнүндө “Чагылгандын көз жашы”, Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу “Жылдын эң узак күнү”, Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” тарыхый-биографиялык романдары, “Залкарлар сүйгөн сулуулар” китептери улуттук адабиятта өзгөчө орунду ээлерин белгиледи.

Замандаштарынын, чогу иштешкендердин атынан Кыргыз эл акыны Тынчтыкбек Нурманбетов, калемдеши, белгилүү акын Калчоро Көкүлов, Философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Жамгырбек Бөкөшов, туугандарынын атынан иниси Марат Эркеев сөз сүйлөшүп жазуучунун чыгармачылык жолун, адамдык бийик сапаттарын айтып өтүштү.

Самсак Станалиевдин улуттук адабият үчүн кылган эмгеги бааланып 2020-жылы “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамы ыйгарылган.

Эл жазуучусу 74 жашта болчу.

Пикир

Оставить комментарий