• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Элчи Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-ноябрында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Мамлекеттик катчынын демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Аманбаев КР президенти Садыр Жапаров тарабынан соңку бир жыл ичинде жүргүзүлгөн Конституциялык реформанын жана шайлоо кодексин өзгөртүүнүн маңызы жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.

Бакыт Аманбаев өз сөзүндө Конституциялык реформаларды ишке ашыруу менен кыргыз президенти өлкөдө соңку он жыл бою орун алган эң жогорку мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчиликсиз иш-аракеттерине чекит коюп, жоопкерчиликтүү мамлекеттик система түзүүгө жетишкендигин маалымдады.

Ал эми шайлоо мыйзамын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасында соңку он жыл бою оорун алган партиялык коррупцияны токтотуп, карапайым жарандарга партия лидерлеринен көз карандысыз эле кааласа бир мандатуу, кааласа партиялык тизме менен шайлоого катышуу укугу кайтарылып берилгендигин олуттуу тарыхый окуя катары белгиледи. Жаңы шайлоо боюнча мурдагыдай партиялык тизмеде эң алдыңкы оорунда турган талапкер эмес, элдин добушун көп топтогон талапкер депутат болуп шайланат, деген оюн ортого салды Бакыт Аманбаев.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея Кыргызстандагы саясий реформалар боюнча кеңири маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирип, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин колдоо жана коррупция менен күрөшүү, социалдык экономикалык өсүштү жандандыруу багытыдагы иш аракеттерин колдоого алууну улантууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Узра Зея Ооганстандагы азыркы кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандын жетекчилигине ооган качкындарын колдоо багытындагы аракетине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий