• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ОшМУнун ректору кызматтан алынып, билим берүү министрине жана Оштун мэрине сөгүш жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды. Андан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан четтететилди.

Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетовго сөгүш жарыяланды. Буга Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы себеп болгондугун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасап, бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилердин үгүт иш-чараларына катышуусунун кереги жоктугун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий