• 87
  • 90.43
  • 0.88

Элчи Аманбаев жана АКШ мамкатчысынын жардамчысынын орун басары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Аманбаев ар түрдүү деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди прогрессивдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде эки өлкөнүн банктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде америкалык тарап өз ара пайдалуу кыргыз америка кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий