Кыргызстан менен Непалдын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Непалдагы элчиси Аскар Бешимов Непалдын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Нараян Кажи Шрестха менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Непалдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өз ара көңүл бурулуп, ошондой эле туризм, жеңил өнөр жай жана айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, студенттерди жана кадрдык ресурстарды тартууда кызматташууну орнотууда активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошондой эле эки тарапты кызыктырган маселелердин кеңири чөйрөсүн комплекстүү ишке ашыруу максатында Кыргызстан менен Непалдын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүүгө, Кыргызстан менен Непалдын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, ошондой эле БУУ тутумунун шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүүгө бурулду.

Жылуу жана достук кырдаалда өткөн сүйлөшүүдө тараптар кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча ишти активдештирүү жана тездетүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий